“Элдик парламенттин” мүчөлөрүнүн иши боюнча сот отуруму кийинкиге жылды

“Элдик парламенттин” мүчөлөрүнүн иши боюнча сот отуруму кийинкиге жылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта айыпталуучулардын туугандары билдиришти.

Алардын айтымдарында, сот отуруму бүгүн саат 10:00гө белгиленген. Бирок айыпталуучулардын биринин жактоочусу жана мамлекеттик айыптоочулардын бири келбей калгандыктан, сот отуруму 7-сентябрга жылдырылды.

Айта кетсек, май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Учурда Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматовдун ишин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кароодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан