Чүй облусунун тургунунун үйүнөн 40 килограмм кара куурай табылганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 25-август күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы менен Панфилов РИИБинин кызматкерлери биргеликте Панфилов айылынын 44 жаштагы П.С. аттуу жашоочусунун үйүн тинтүүгө алышкан.
Текшерүү маалында анын велосипединде байланган 3 каптын ичинен жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар, салмагы 40 килограмм болгон кара куурай табылган. Кармалган жаран жана алынган заттар Панфилов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.