Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан басмаканадан бүгүн, 27-августта өрт чыгып, 17 адам каза тапканын орусиялык басылмалар жазышты. Маалыматка таянсак, алардын баары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары болушкан. Өрт өчүрүлүп, учурда тиешелүү кызматтар өз иштерин алып барышууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды.
Алтуфьев шоссесинде жайгашкан бул басмакана "Печатный экспресс" ишканасына таандык болгон.