Москва шаарындагы басмаканадагы өрттөн каза болгондордун саны 17ге жетти. Өрттөнгөн имараттын
4-кабатынан 16 адамдын жансыз денеси чыгарылып, жаракат алган 4 адам ооруканага жиберилген. Алардын бири каза таап, үчөө жандандыруу бөлүмүндө экенин орусиялык ММКлар жазышууда. "ИИМдин маалыматына караганда, алардын баары Кыргыз мамлекетинин жарандары болушкан. Баары Москвада мыйзамдуу иштешкен", - деп айтылат маалыматта.