Москвадагы өрттөн жаракат алып ооруканада жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын аты-жөнү болжолдуу аныкталды. Тышкы иштер министрлигинин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып берген маалыматына ылайык, ооруканада жаткандар төмөнкүлөр: Калбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек, Нурмухамед Кадыржанов.
Дагы бир жаран ооруканадан каза болгон. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнүн жана жаракат алгандардын абалын билүү үчүн элчиликтин кызматкерлери ооруканага жөнөп кетишти. Ошондой эле элчиликтен билдиришкендей, аталган жарандардын аты-жөнүн тактоо иштери оперативдүү жүргүзүлгөндүктөн, маалыматты так деп эсептөөгө болбойт. Окуянын жүрүшүнө көз салып, каза болгон 14 кыргыз жарандарынын өздүгү менен катар ооруканадагы бейтаптардын аты-жөнү, абалы тууралуу да кабарлап турмакчыбыз.