Бүгүн, 27-августта Москва шаарында катталган өрттөн 17 адам каза болуп, 3 адам ооруканада оор абалда. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, кырсыктын келип чыгуу себептери болжолдуу аныкталды. Кырсык 1-кабаттагы типографиянын кампасындагы иштен чыккан электр чырагынан келип чыккан. Өрт кырсыгы башталган жерде кагаздар жана тез күйө турган суюк заттар болгон. 1-кабаттан түтүндүн жыты келе баштаганда, басмакананын кызматкерлери башка бөлмөлөрдү көздөй кача башташкан. Тилекке каршы, ал жактарда өрт чыккан учурда адамдар эвакуациялана турчу шарт болгон эмес. Натыйжада кызматкерлер имараттан чыга албай калышып, түтүнгө ууланып каза табышканын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы бөлүм башчысы Илья Денисов "РИА Новости" басылмасына кабарлаган.
"Өрт 1-кабаттан чыгып, андан чыккан ис жүк ташуучу лифттин шахтасы аркылуу 2-кабатка тараганын аныктадык", - деген Денисов.
Бул факт боюнча өрт коопсуздугу сакталбаганы үчүн кылмыш иши козголгону маалым болду.
Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы өрт болгон жерге барып, тергөө иштерине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
"Бул окуя бизди кайгыга салды. Диаспоранын өкүлдөрү тергөө иштерине жардамдашууга даяр. Өрт кырсыгы бул жылы экинчи ирет кайталанып жатат. Мындай окуяларда моралдык жана материалдык жардам берип келебиз", - деген Москвадагы "Кыргыз биримдиги" коомунун башчысы Абдыганы Шакиров.
Эскерте кетсек, буга чейин Москвадагы Стромынка көчөсүндө өрт чыгып, 8 кыргыз жараны каза болгон. Ал өрттөн кийин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн соң шаардык прокуратура "мыйзамсыз миграция" беренеси менен кылмыш ишин ачууну талап кылган болсо, бул ирет Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдуу түрдө жүрүшкөнүн "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.