Ысык-Ата районунда 72 жаштагы аял баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Кант шаарындагы үйлөрдүн биринин жанынан 72 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Өздүк тинтүү учурунда анын чөнтөгүнөн жалпы салмагы 42 граммды түзгөн баңгизат табылган. Ошондой эле кармалган аялдын үйүнүн короосунан 8 килограммдан ашуун кара куурай да табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.