Кадамжай районунда 47 жаштагы жарандын денеси суудан табылды

Кадамжай районунда 47 жаштагы жарандын денеси суудан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-август күнү саат 07:00 чамасында Пүлгөн айылынын 1969-жылы туулган тургуну дайынсыз жоголуп кеткен. Аталган жаранды издөө иштерине куткаруучулар тартылып, 28-август күнү Халмион каналынан издөө иштерин жүргүзүшүп, Заречная көчөсүндө суунун топтолгон жеринен аталган жарандын жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman-moskva
2016-08-29 14:49:52
Э кудайым озун кыргыз элими сактай кор козтийип жатабы бизге жаткан жери жайлуу болсун калган омурун балдарына берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан