АКШнын президенти Дональд Трамп Truth социалдык тармагындагы баракчасына B-2 бомбалоочу учактарынын Bomb Iran ыры коштогон видеосун жарыялады.
"Мечитке келдим, таш ыргытам, аятоллага айт: "Мен сени табытка салам. Иранды бомбалагыла",- деп айтылат ырдын текстинде.
Bomb Iran ыры 1980-жылы Vince Vance & the Valiants тобу тарабынан жазылган. Бул The Regents тобунун 1961-жылкы Barbara Ann ырына пародия болуп саналат.
Дал ушул АКШнын B-2 бомбалоочу учактары 14 GBU-57 бомбасын 22-июнга караган түнү Ирандын Натанз, Фордо жана Исфахандагы үч өзөктүк объектисине сокку урууда таштаган.