Баткенде мал кайтарганга кетип дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы жаран изделүүдө

Баткен районунда мал кайтарганга кетип дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү Ак-Татыр айылынан 1993-жылы туулган Ж. уулу Н. Геревшин жайлоосунун Ак-Суу аймагында мал багып жүргөн агаларына жардам бергени кеткен. 26-август күнү малды чогултуу үчүн үч тууган үч тарапка чыгышып, натыйжада Ж. уулу Н. кайрылып келген эмес. Дайынсыз жоголуп кеткен жарандын туугандары аны өз алдынча издеп, бирок таба алган эмес.

"27-28-август күндөрү жүргүзүлгөн издөө иштери да натыйжа берген эмес. Учурда РИИБдин кызматкерлери жана райондук ӨКМнын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nassa
2016-08-29 11:52:54
Табылып калса экен, менин да иним бир кун кечке зоого чыгып келбей калганда биздин кочодогулор бут баары издоого чыккан болчу, жаман абал аман болсо табылат буйруса, баары жараткандын колунда. Дуа кылалы табылып калсын аман соо.
+2
mashirapova
2016-08-29 12:03:11
Аман эсен табылып калысын кудайым тадиктарга чектеш жер
0
Bema50000
2016-08-29 12:26:15
Алла Таалам колдоп аман эсен кайтып келсин.
+2
Sirduusezim
2016-08-29 13:35:37
Табылат кудай кааласа жаш экен, баары чыгып карашсын.
0
DNurgiza
2016-08-29 13:57:11
табылып калаар....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан