Сокулук районунда өспүрүм кызды сүзүп кеткен 2 унаанын айдоочулары изделүүдө. Оор жаракаттардан улам кыз каза болуп калган

Сокулук районунда өспүрүм кызды сүзүп кеткен 2 унаанын айдоочулары изделүүдө. Оор жаракаттардан улам кыз каза болуп калган. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү саат 21:15 чамасында Новопавловка айылынан белгисиз айдоочу 15 жаштагы К.Ж. аттуу кызды сүзүп, анын артынан экинчи унаанын айдоочусу жерде жаткан кыздын бутун тебелеп кеткен. Бирок эки айдоочу тең окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. Оор жаракаттардан улам кыз каза болуп калган. Иликтөө иштеринин алкагында кызды БМВ Х5 жана Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаалар сүзгөнү аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда айдоочулардын өздүгүн аныктоо иштери жүрүүдө.

"Эгер бул окуянын күбөлөрү болсо, төмөнкү номурларга кабарлап койсоңуздар: (0701) 80-14-49, (0701) 80-15-62. Сүйүнчүсү бар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Urmat_83
2016-08-29 16:15:19
Сузушу сузуптур качпай алып барбайбы ооруканага.Балким тируу калмак тезирек алып барса.Качкан учун оор жаза бериш керек
0
Kroxa
2016-08-30 09:46:01
Бир ай откондон кийин карматпай калды го 30- июльда сузгон дейби,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан