Ысык-Ата районунда 29 жаштагы жергиликтүү тургун уурулукка шектелип кармалды

Ысык-Ата районунда 29 жаштагы жергиликтүү тургун уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-август күнү милиция кызматкерлерине 47 жаштагы У.Д. аттуу Кант шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз адам алтын зер буюмдарын уурдап кеткенин аткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган.

Кылмышка шектүү 29 жаштагы Л.И. аттуу жергиликтүү тургун болгон. Учурда ал Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. “Уурулук” боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан