Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 4, Ош шаарында 1, Ош облусунда 4, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
"Араван районуна караштуу Кесек айылында өрт кырсыгы катталды. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган, жалпы аянты 200 чарчы метр курулуш чарбасынын чатыры жана 12 тонна жыйылган саман күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.