Грузияда үйлөнүү тоюнда 180ден ашуун адам ууланып, ооруканага түштү

Грузиянын Марнеул районуна караштуу Садахло айылындагы үйлөнүү тоюнда 180ден ашуун адам ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Окуя кечээ кечинде болгон. Жалпы 180ден ашуун адам ууланды, анын ичинен 30у жаш балдар. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар тамак-аштан же суусундуктан ууланышы мүмкүн. Жабыркагандар аймактык ооруканаларга жеткирилишти, алардын баары ичтери ооруп, кусуп жаткандыктарын билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, айрым оор абалдагы жабырлануучулар Тбилисидеги ооруканага жаткырылышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bekhandar
2016-08-30 15:21:04
оо кудай
-1
nimnimda
2016-08-30 15:33:57
Азияда эмнелер гана болуп жатат (((
-2
TAYNAYA
2016-08-30 16:59:50
Кээде олтуруп ойлоп кетем акыр заман деген келип калдыбы деп..
0
Riman.arn
2016-08-30 18:12:29
TAYNAYA, чынында ото аз калды акыр заманга туура биргана кудай билет но падышалыктын баары аткарылып бутту коп болсо 4.5 жыл калды
-2
Tasma2014
2016-08-30 17:52:58
Винону начар жасап алган го
-1
JENTELMEN
2016-08-30 22:49:05
Акыр заман али болбойт коркпогула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан