Японияда катуу шамалдан улам аба каттамдары токтотулуп, миңден ашуун турак үйлөр жарыксыз калды

Японияда катуу шамалдан улам жүздөн ашуун аба каттамдары токтотулуп, миңден ашуун турак үйлөр жарыксыз калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 30-августта жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгы адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. Катуу шамал электр тармагына зыян келтирген. Кырсыктан улам өлкөдө белгилүү "Toyota" унаа чыгаруучу ишканасы токтоп калганы белгилүү болгон. Ал эми өлкөнүн түндүк чыгышында кубаттуу шамалдан 7 миңге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрге жеткен. Белгилүү болгондой, аба каттамдары жана жогорку ылдамдыктагы поезддер токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
samagan
2016-08-30 17:57:53
Кудай ай акыркы кундорду жалан эле суук кабар угуп атабызго. Эл журтубуз тынч болсо экен
+3
nimnimda
2016-08-30 18:13:36
Шамал аябай катуу болду
0
Alixan-Nookat.2015
2016-08-30 19:18:25
Бугун Баткендеда аябай катуу шамал болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан