Бишкекте Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы менен Казакстан курамасынын беттешинен соң күйөрмандардын ортосунда мушташ чыкканын айрым интернет колдонуучулары жазышты. Алардын баамында, мушташ 30га жакын баланын катышуусунда болуп, кээ бири катуу сабалган. Ошондой эле белгисиз бирөөлөр тарабынан ок атылганы да кабарланууда. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, мушташ жана ок атылганы тууралуу эч кандай маалымат жок экенин билдиришти.
Айта кетсек, 30-август күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы Казакстан курамасы менен беттешкен. Жолдоштук беттешке 20:00дө старт берилип, ал кыргыз футболчуларынын жеңиши менен аяктаган.