Бишкекте "Тез жардамдын" 47 жаштагы дарыгери 3 мас абалдагы кыз тарабынан сабалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 30-августта эртең менен саат 08:26да Бөкөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Анда чакыруу менен барган 47 жаштагы Чолпон Дүйшөнбиева (дарыгер) болжол менен 25 жаштагы мас абалдагы 3 кыздын ур-токмогуна кабылган.
"Дарыгер "Тез жардамга" телефон чалып, аны кыздар сабашканын билдирген. Кийин ал баш сөөгү жана мээсинен жаракат алганы аныкталып, Улуттук госпиталга жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.
"Тез жардам" кызматынын маалыматы боюнча, 2015-жылдын жай айынан бери Бишкекте дарыгерди сабаган 17 окуя болгон.