Москва шаарынын Орехово-Зуево шаардык ооруканасында кезекте көпкө күттүргөн дарыгерди бир жаран сабап салды. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү жашоочу карындашын ооруканага алып келип, рентгенолог дарыгерин көпкө күтүп калышкан. Буга ачууланган бейтаптын агасы менен дарыгердин ортосунда чатак чыккан. Чыр-чатак учурунда дарыгерге зыян келтирилген.
Полиция кызматкерлери дарыгерди сабап салган жаранды кармап кетишкен.