Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 27 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 12, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 4, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Сокулук районуна караштуу Орок айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Новая көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосундагы 600 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чөпкананын чатыры жана 1200 түк чөп толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр шаймандарын колдонуудагы өрт коопсуздугунун эрежесинин бузулушу себеп болгон.