Баткен-Исфана жолунда күйүүчү май ташыган унаанын кырсыкка кабылышына алдынкы дөңгөлөгүнүн жарылып кетиши себеп болгон

Баткен-Исфана жолунда күйүүчү май ташыган унаанын кырсыкка кабылышына алдынкы дөңгөлөгүнүн жарылып кетиши себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Баткен-Исфана унаа жолунун 161-чакырымында 38 тонна 829 литр күйүүчү майды ташып бараткан МАN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кырсыктан күйүп кеткен.

"Күйүүчү майды ташып бараткан унаанын алдынкы дөңгөлөгү жарылып, ал жолдон чыгып тосмону сүзүп, өрт чыккан. Натыйжада күйүүчү май Р-4 каналына дагы төгүлгөн. Унаанын айдоочусу Ж.Төлөгөн аттуу жаран эч жаракат алган эмес. Өрт өчүрүүчүлөр күйүүчү май каналга төгүлгөндүгү тууралуу Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Булак айыл башчысына билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulim_zamujem
2016-09-01 11:55:47
Эн башкысы айдоочусу аман экен кудайга шугур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан