Бишкекте “дүкөндөн кымбат баалуу спирт ичимдигин уурдады” деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте “дүкөндөн кымбат баалуу спирт ичимдигин уурдады” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ милиция кызматкерлерине Чүй облусунун 21 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн белгисиз адам баасы 4500 сомдук коньякты уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 25 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан