“Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган К.У. аттуу кыргыз жаранына өлкөдөн чыгууга убактылуу тыюу салынгандыктан, ал башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Ошол жерде чек арачылар тарабынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.