Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында жыгач устундуу, темир менен жабылган дүкөндүн чатыры, 6 муздаткыч, 2 терезе, 4 эшик жана дүкөндөгү азык-түлүк күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.