"Аксы районунда Үңкүр-Тоонун аймагынан өзбек милиционерлерин чыгаруу үчүн элдик кошуундар түзүлүп жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Массалык маалымат каражаттары мындай маалыматты айылдык кеңештин депутаты Жанарбек Надырбековго шилтеме берүү менен жазып чыгышкан. Ал 200 кишиден турган элдик топ Үңкүр-Тоого барып, ал жакта турган өзбек милиция кызматкерлерин кетирүүнү пландап жатканын билдирген. Чек арага байланыштуу маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилүүгө тийиш. Бул сыяктуу маселелерди талкуулоодо да этияттык керек. Учурда аймакта тиешелүү чаралардын баары көрүлүүдө. Жергиликтүү тургундар көчөгө чыгып, митингдерге катышууга ниеттенишкен жок", - деп айтылат маалыматта.