Бишкекте 5 унааны уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Вася аттуу жаран унааларды уурдоо менен алектенип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган М.В. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Кылмышка шектүү Мазда үлгүсүндөгү 5 унааны уурдаганы аныкталган, учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.