Токтогулда үй ээсин ок атуучу курал менен коркутуп, кымбат баалуу зер буюмдарды алып кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"21-августтан 22-августка караган түнү саат 03:00 чамасында Токтогул шаарындагы үйлөрдүн бирине белгисиз бет капчан 3 жаран ок атуучу курал жана темир таяктар менен кирип үй ээлерин коркутушуп, колу-буттарын скотч менен байлап, тоноп кетишкен. Алар 25 миң сомдук сыналгы, 7 миң сомдук уюлдук телефон, 10 миң сомдук азем белек саат, 400 миң сомдук зер буюмдарын алып, үйдүн короосунда токтоп турган Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын алдынкы айнектерин сындырып изин жашырып кетишкен", - деп билдиришти ОИИБинен.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө тобу кылмышкерлерди издөө иштерин жүргүзүүдө.