Пакистанда соттун имаратында эки жардыруу болуп, 12 адам каза таап, 40 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Бүгүн эртең менен эки жардыруу Мардан шаарындагы аймактык соттун имаратында орун алды. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын ичинен экөө полиция кызматкери. Жардырууну жан кечти-террорист уюштурган. Ал алгач жардыргычты соттун имаратына ыргытып, андан соң имараттын кире беришинен өзүн жардырган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, август айынын башында ооруканада жарылуу болуп, анда 30 адам каза болгон.