Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүүчү Кырчын жайлоосунда катуу жааган жаандын кесепетинен 20 боз үйдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Алдын ала маалыматка ылайык, бүгүн саат 14:20 чамасында катуу жаан жааган. Азыркы учурда жеринде жергиликтүү тургундар, ӨКМнын 50 куткаруучусу тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө. Жеринде ӨКМнын Ыкчам башкармалыгынын башчысы полковник Урматбек Шамырканов, ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башчысы полковник Замир Жумагазиев жүрөт. Боз үйлөр Кырчын жайлоосунда коктунун нугунун жанында тигилген. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.