Токтогулда үй ээсин ок атуучу курал менен коркутуп, 400 миң сомдук зер буюмдарын алып кеткендер кармалышты

Токтогулда үй ээсин ок атуучу курал менен коркутуп, 400 миң сомдук зер буюмдарын алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "68 жаштагы О.А. аттуу жарандын үйүн карактап кеткен" деген шек менен Талас облусунун 35 жаштагы Т.Н., 21 жаштагы К.Д. жана 19 жаштагы А.Т. аттуу тургундары кармалган. Кылмышка шектүүлөрдүн биринин үйүн тинтүү маалында 3 даана ок атуучу курал алынган. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, 21-августтан 22-августка караган түнү саат 03:00 чамасында Токтогул шаарындагы үйлөрдүн бирине белгисиз бет капчан 3 жаран ок атуучу курал жана темир таяктар менен кирип үй ээлерин коркутуп, колу-буттарын скотч менен байлап, тоноп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Totyua.71.
2016-09-02 18:20:41
Эми мыйзамдуу турдо жазасын алышсын
Тонолгон уй було деле кыйын эле акыбалда болушту да, канча нервдери короду булар кармалганга чейин
+1
salimbek87.kg
2016-09-02 18:24:42
Айбангоо булардын орду темир тордун торундоо неге Т.Н К.Д А.Т деп жазылган аттарын толук жаза болбойбу.
+3
Bakyi
2016-09-02 18:30:14
Жанале изделуудо деп, эми кармалды деп оздорун рекламма кылтабы ???
-1
bom.bon
2016-09-02 19:00:16
Bakyi,бизде оперлер жакшы иштейт,жогорудагылар алашаны алып актап койот.
+2
mambo-1984
2016-09-02 18:35:53
Ким ал озу деле мумкун ошол уйуно киргендердин канын соргон чыгарда айтылып жатпайбы лексус жана башка байлыктарын менин оюмча ошентип оч алса керек башка амалы калбай калган чыгарда эгерде ошондой болсо анда чала болуптур буну териштириш керек алар деле любой адамдыкына киребербейта
0
tulpar90
2016-09-02 18:49:28
Таң каламда бир нерсеге бир криминал бар бирок ал азыр абакта анын салынып жаткан үйү өзүнчө эле укмуш үч кабат. Анан баары эле ууру болгусу келетда .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан