Сокулук районунда “кошунасын сабады” деген шек менен 62 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-июль күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 58 жаштагы С.Ш. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, жанында жашаган кошунасы эч себепсиз сабаганын айткан. Бул боюнча “денеге атайылап жеңил жаракат келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 62 жаштагы Р.Н. аттуу аял кармалган. Учурда ал үй камагына алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.