Өзгөн районунда 3 күндүк ымыркайын көчөгө таштап кеткен энени издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"3-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Өзгөн районунда 3 күндүк ымыркай табылган. Учурда ымыркай Мырзаке айылындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Анын абалы жакшы. Ал эми ымыркайды таштаган аялды издөө иштери эки күндөн бери улантылууда", - деди Ашырбаев.