КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Адамдын репродукциясы боюнча илимий борбордогу эненин жана ымыркайдын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 19-августтан 20-августка караган түнү аталган борбордо орун алган. Анда бешинчи баласын күтүп жаткан 40 жаштагы Айнура Адылованын ден соолугу кескин начарлап, натыйжада жүрөгү токтоп калган. Дарыгерлер аман алып калуу максатында кесарево жолу менен ымыркайды алып чыгышкан. 4 килограмм 700 грамм салмакта төрөлгөн эркек баланын абалы да оор болгон, себеби ал энесинин курсагынан алынгыча эле Адылованын жүрөгү 3 жолу токтогон. Ал эми ымыркай бир күндөн кийин төрөт үйүнөн чарчап калган.
Белгилүү болгондой, учурда каза болгон аялдын туугандары дарыгерлердин үстүнөн милицияга жана прокуратурага арыз менен кайрылышкан.
"Эненин жана баланын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тиешелүү экспертизалардын баары алынган, учурда анын жыйынтыгы чыга элек. Бардык документтер прокуратурага өткөрүлүп берилген. Учурда бул окуяны тиешелүү мекемелер иликтеп жатат", - дейт Асылбашева.