Кара-Балта шаарына жакын жерде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кара-Балта шаарынан 20 чакырым түштүк-батышта, Орто-Арык айылынан 6 чакырым түндүк-батышта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен. Ал эми калк жашаган аймактарда жер силкинүүнүн күчү 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.