Москвада 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча изделип жаткан басмакана жетекчиси тергөөгө келди

Москвада 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча изделип жаткан басмакана жетекчиси тергөөгө келди. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда орусиялык басылмалар Орусиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматта: “Өрт боюнча иликтөө иштери жүрүп, "Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. Ал чогултулган далилдердин негизинде өз күнөөсүн мойнуна алып, тергөөгө өзү келди”, - деп айтылат.

Айта кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам “Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган. Азырынча Антон Яцковдун кайда экени белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Aruna25
2016-09-05 15:35:08
Тааныш билиш кылып ишти бутуруп койбой акырына чыгышсын Эми!
+7
aseras
2016-09-05 15:37:44
Кайда качсанар да арбактары тынч койбойт...жазасын чексин эми.
+4
sher.ella
2016-09-05 16:03:54
Откондо кылмышкер жазасын созсуз алат деген тема окудум эле
+3
erlist
2016-09-05 16:19:32
Негизи бу чондору деле олсун дебейт да бу кырсык да кадимки...биздин жарандар да негизи ишке кирип атканда карап коруп тех безопасности кириш кк да а азыр бизде кайдан акча берсе болду иштей беришет андан жаман татаал жерде иштегендер да бар бу чети эле негизи куноо бизде да бар баарын начальнигине оодарып койгон болбойт ко деп ойлойм
-2
leili1
2016-09-05 16:35:35
erlist,айла жоктон киришетда тандап отура берсен талаа жеринде ачка каласын
+10
erlist
2016-09-05 17:32:20
Айла жок дегендей кыргыздар кул эмес бироого оз башын озундо айла жок деп иштеп резултатын кордунор озунор
-5
leili1
2016-09-05 19:38:49
Кул болгудай бекер иштешкен жокго?))) Кыргыздар(мигранттар)тырышчаактыгынан иштеп 1990-ж 2000-жылкы экономика менен азыркыны салыштырын эгер жаш болбосонуз жакшы билерсиз. Бул результат эмеспи,?
Кырсык каш кабактын ортосунда экен олум кай жактан кантип келээрин билбейт экенбиз?
+12
tekebaeva.Arzu
2016-09-05 17:16:43
erlist,туура,бул адамда мындай болуп кетишин билбеген,биз озубуз куноолубуз,жумуш десе жата калып акчасы кобуно кызыгабыз,эки жакиы карап,ден соолукка зыянына да конул бурбайбыз,куноонун баары озубуздун окумотто,бул орустар ао кыздарды зордоп иштетпедиго,ишке алганда шартын тушундуруп айтат,а ишчилер ошол шартты коруп,макул болуп киребиз.
-1
erlist
2016-09-05 17:35:20
tekebaeva.Arzu,туура соз
-8
Nyrbany92
2016-09-05 16:25:12
Ажал келсе баарыбыз элеөлөбүз.
-6
revolyutsioner1
2016-09-05 19:59:27
"Кырсык да анан, тех.безоп. капризный орус жетекчилерден карап сурап ишке кирбейт беле, барбай койбойт беле, оздору куноолуу да, нчальникте эмне куноо, биздин бийлик, Атамбаевде эмне куноо?!!"

Окуп алып кыжырым гана келди да, ал жакка элибиз жыргаганынан кетип жатыптырбы, Окмоту, депутаттары, президенти баары оюн-кулку, аш-тойдон, ыр жазуудан, конституцияны улак тартыш кылып ойноодон колу бошобосо, элин, (дыйкандарын да, мигранттарын да) ойлобосо, эл ачкадан олсунбу?!
+5
erlist
2016-09-05 20:34:28
Азыркы заманда эч кимден жардам кутпой эле койсо болот прездентинден да депутатарындан да озундун турмушун озундо чынында тиги жардам бербей койду деп кечке айта бергендин пайдасы жок
-1
revolyutsioner1
2016-09-05 20:04:55
Айла жоктон ары карап ыйлап, бери карап кулуп кетип жатат да мигранттар, копчулугунун кары-картан оорукчан ата-энеси калууда, чиедей наристелери калууда кылыктарына кубанып жанынан чыккысы келбей турган убакта... Кыргызстандагы биртке айлыгы уй-булосун бакканга жетеби же там салгангабы?!!!

Россияда мигрант болсо укугун коргой албаган (же элчилик жардам бербеген сон), ишкана кожоюндарынан бир нерсени талап кылууга ал кайда биздин мигранттарда...
+3
revolyutsioner1
2016-09-05 20:08:55
Ошол жаман жумушуна да аран жетип жатканда... Бул жакта бийликтин камчысын чабам деп эле оозуна келгенди оттогондор кобойду, бир ашыкча соз айтсан сайттын админи жазалап кирет, чындык учун чыркыраганыбызды билбей эле.. Эмне дейбиз, наалат айтам бугунку бийлигине да, анын камчысын чапкан кошоматчы, Арзыматтарына да!!! Телевизор койсон да ошолор 25 жылдан бери, мында кирсен да ошолор, биздин силерге алыбыз жетпесе да Кудай бардыр силерге, Алла Таалам баарын коруп-билип турат...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан