Тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам өрт чыгып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-сентябрь күнү Токмок шаарынын Горький көчөсүндөгү 182-үйдө өрт чыккан. Анда уктоочу бөлмөдөгү төшөнчүлөр, диван күйгөн. Анын кесепетинен үй ээси 1947-жылы туулган Рахманжан Махмудов түтүнгө ууланып каза тапкан.
Ошол эле күнү Кара-Суу районунун Киров айылында да өрт болуп, турак үйдүн 2 чарчы метр полу, 2 төшөк күйгөн. Өрт чыккан жерден үй ээси 1950-жылы туулган Балтабай Мамытовдун жансыз денеси табылган.
Жогорудагы эки өрт кырсыгынын келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.