Өзгөн. Ымыркайын көчөгө таштап кеткен эне табыла элек

Өзгөн районунда 3 күндүк ымыркайын көчөгө таштап кеткен эне табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Учурда ымыркайды көчөгө таштап кеткен аялды издөө иштери улантылууда. Азырынча ким болушу мүмкүн деген божомолдор бар, бирок ал маалымат так эмес. Издөө иштери улантылууда", - деди Ашырбаев.

Айта кетсек, 3-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Өзгөн районунан көчөдөн 3 күндүк ымыркай табылган. Учурда ал Мырзаке айылындагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2016-09-06 10:07:18
Аллахым озун ыйман бере кор ,кандай таш боор эне болду экен оз баласын кочого таштаган .Бироого зар бироого кор заман.
+1
incognito1
2016-09-07 05:22:24
Ким менен байланышып, ымыракайдын абалын билсек болот, толук маалымат берип коесунарбы купуяга.
0
ailin16
2016-09-07 13:52:54
Мырза акедеги роддомдо каралууда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан