Чүй облусунун Аламүдүн районунда унаа сууга түшүп кетип, жүргүнчүсү дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-сентябрда саат 08:00 чамасында “Теплые ключи” эс алуу жайындагы Аламүдүн суусуна Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге барган "Тез жардам" кызматы айдоочуну ооруканага жеткирген, бирок абалы жакшы болгондуктан, ал ооруканада калуудан баш тарткан. Маалыматка караганда, унаада айдоочудан башка 1 кыз болгон. ӨКМнын 1-өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жоголгон кызды издөө иштерин жүргүзүшкөнү менен, натыйжасыз болууда.