Камчатканын Елизово районунун тургундары жергиликтүү бийликке 14 жаштагы өспүрүмдү куткарабыз деп көздөрү көрбөй калган Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам берүүнү өтүнүп кайрылышты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 21-августта аталган райондогу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 20-август күнү 66 жаштагы аял жер төлөсүн тазалоо максатында белгисиз дары сепкен. Эртеси күнү аял жер төлөгө кирем деп эс-учун жоготуп кулап калган. Аны көргөн 14 жаштагы небереси көчөгө чуркап чыгып элден жардам сураган. Алыс эмес жерде иштеп жаткан 26 жаштагы Казимжон Адилов, 48 жаштагы Махамаджон Шералиев чуркап келип, өспүрүм бала да эс-учун жоготуп кулап калганын көрүшкөн. Ал экөө жер төлөгө түшүп баланы сыртка чыгарып, аны 44 жаштагы Саибжан Турсумуратов “Тез жардам” кызматына өткөрүп берген. Ал эми улгайган аял жер төлөдө эле каза болуп калганы аныкталган.
“Арадан көп убакыт өтпөй, өспүрүм баланы куткарып калган жарандар өздөрүн начар сезе башташкан. Адилов менен Шералиев эс-учун жоготуп, Турсумуратов да өзүн начар сезген. Алар 2 күн бою оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып, кийин жалпы бөлүмгө которулушкан. Учурда Адилов ооруканада, анын көзү көрбөй калды. Шералиев 6 күндөн кийин ооруканадан чыгарылган, бирок бүгүнкү күндө анын да көзү көрбөй калды. Ал төшөктө жатууга аргасыз, себеби абалы дагы эле жакшы эмес. Бул адамдар баланын өмүрүн сактайбыз деп ушундай абалга келишти. Жергиликтүү бийлик аларга кайдыгер карабай, алардын дарылануусуна жардам бериши керек. Бул тууралуу биз кат жазып, өтүнүч менен жергиликтүү бийликке жардам сурап кайрылдык", - деп билдирген жергиликтүү 70 жаштагы Людмила Андреева аттуу тургун.
Маалым болгондой, учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.