Бишкектеги Кытай элчилигинде өзүн жардырган жарандын өздүгү такталды

Бишкектеги Кытай элчилигинде өзүн жардырган жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, жардырууну 1995-жылы Тажикстандын Колхозабад айылында туулган Фирдавс Бобожонов уюштурган. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган жаран 16-июнь күнү Ош шаарына Стамбул-Ош каттамы менен учуп келип, андан соң Бишкекке келген. Ал бардык жерден өзүн Алибек Кочкоров деп тааныштырып жүргөн.

Иликтөө иштеринин алкагында элчиликтин алдынан S9417Q мамлекеттик номурундагы көк түстөгү Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү унаа жарылганы аныкталган. Унаа Токмок шаарынын 1977-жылы туулган Б.Г. аттуу тургунуна катталган. Сурак учурунда Б.Г. аттуу аял унаа И.Ш. аттуу инисине таандык экенин билдирген. Ал эми И.Ш. 2016-жылдын 10-июлунда унаа базарларынын биринен унааны таш-көмүрлүк Алибек Кочкоров аттуу жаранга сатканын айткан.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ал маалымат так эмес экенин, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
dastan_2016
2016-09-06 16:53:23
Кандайча бул экенин далилдепби айта кеткилечи супер кж
-1
Jaloshtalnarisbatchui
2016-09-06 19:15:34
dastan_2016,,террористтерди колдогон кучтуу адамдар бар,биздин мамлекетибизде...Сырттан келип кантип эле баарын озу уюштура алат... жакшы гидтер бар да ,жол корсоткон...
-1
baiazat
2016-09-06 17:03:18
Кытайлар таракандай калк болот... Кыргызстана киргизбеш керек
+7
Beksultan-007
2016-09-06 17:20:28
Ким эккндиги тастыкталган болсо жакшы эле суротун чыгарбайсынарбы.машине саткандар этият болгула.кардардын паспорт кочурмосун алгыла
+1
munar79
2016-09-06 17:23:22
Емне себеп менен жардырган екен
0
alibekova94
2016-09-06 17:27:38
Общий дом деп, ар кимди кенен кесир киргизе берсек ушундай кылышат да, Кыргызстанга кирген ар бир сырттан келген адамдарды катуу текшеруу керек!!!
+7
Revolyutsiya
2016-09-06 18:12:32
alibekova94, бийлик Кыргызстанда канча кытай бар экенин билбейт жада калса...
+3
Nasyrkg
2016-09-06 18:37:01
Озбек менен тажиктерди олкого киргизбеш керек
+5
Rifle_S
2016-09-07 10:04:41
Nasyrkg,депорт кылып салыш керек миграциялык кызмат.
+1
alibekova94
2016-09-07 14:07:13
Rifle_S, Оба, ошентиши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан