Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө 6-сентябрь күнү саат 17:07 чамасында кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде катталып, очогу Бар-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 25 чакырым түштүктө, Нура айылынан 42 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Анын күчү эпицентринде 4 балл болсо, калк жашаган аймактарда 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.