Бишкекте "эл аралык террордук топтун мүчөсү" делип Казакстандын жараны кармалды

Бишкекте "эл аралык террордук топтун мүчөсү" делип Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган Шамо Мамедов 2-сентябрь күнү кармалган. Ал өлкө аймагында эл аралык террордук топтун лидерлеринин тапшырмасын күтүп жүргөн. Ошондой эле ал жарандарды Сирияга жөнөтүү жумуштарын да аткарчу.

"Учурда Ш.Мамедовго кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kubat_73
2016-09-07 15:31:50
Кечээ эле казактар кармады эле кыргызды террорист деп бугун биздикилер кармаптыр казакты террорист деп.Озбектер менен чырыбыз да ушул сыяктуу башталды эле алар менен бутушо электе казактардын капшабына кабылбайлы деги.Азабын байкуш эле карапайым эл тартат.Казактар энебизди уч коргондун кайкысынан таанытып коюп журбосун чондорубуз Ысык Колдо эт аракка тойбой эч нерсе менен иши жок жургондо
-3
Buldoook
2016-09-07 15:34:47
Бири биринерди кармап журо бергиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан