Ысык-Ата районундагы Социалдык фонд башкармалыгынын кызмат адамы пара менен кармалды

Ысык-Ата районундагы Социалдык фонд башкармалыгынын кызмат адамы пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган Социалдык фонддун кызматы адамы “Р.Э.А.” ишканасынын башкы директорунан пара талап кылып, ал үчүн ишкананы жабуу жана эсеп-кысап тапшырууда оң чечим чыгарып берүүнү убадалаган.

Бүгүн Ысык-Ата районундагы Социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары И.Т. 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nasirdin
2016-09-07 21:27:31
Туугандар кантип карматса. Болот ушу паракорлорду кайсыл мамлекеттик ишканага барба акча сураганы сураган.
0
incognito1
2016-09-08 01:38:21
Башчысынын орун басарын эле эмес, башчысын узун дагы кармаш керек эле.
0
erlist
2016-09-08 03:25:13
Он мин эмне болбогон эле сумма миллиондорду уурдагандарды кармагыла...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан