Аламүдүн суусуна түшүп кеткен унаанын ичиндеги жүргүнчү кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык 5-сентябрь күнү саат 08:00 чамасында “Теплые ключи” эс алуу жайына жакын жерде болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Айдоочу “Тез жардам” кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Бирок абалы жакшы болгондуктан, ооруканага жатуудан баш тарткан.
“Унаанын ичиндеги 20 жаштагы кызды издөө иштери жүрүп, кечээ саат 17:23 чамасында жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.