Индияда суунун жетишсиздигинен жергиликтүү эл массалык нааразычылыкка чыкты

Индиянын Карнатаке штатындагы Бангалор шаарында 12-сентябрь күнү суунун жетишсиздигинен жергиликтүү эл массалык нааразычылыкка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү жашоочулар "өзүбүзгө суу жетпей жатса кошуна жайгашкан Тамилнад штатындагы суу сактагычты толтурууга каршыбыз" деп нааразычылык билдирип чыгышкан. Нааразычылык акциясынын катышуучулары автобустун дөңгөлөгүн өрттөп, тартип сакчыларына таш ыргытышкан. Натыйжада полициядан 15 кызматкер жабыркаган. Ал эми акцияны уюштургандардын арасынан 1 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан