Баткенде “үй-бүлөңдү бузам” деп тургунду коркутуп, андан акча талап кылган келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине Баткен облусунун 23 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал чала тааныш келин “жаман аттуу кылып, үй-бүлөңдү бузам” деп коркутуп, 40 миң сом талап кылып жатканын билдирген.
"Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде Баткен шаарында 1986-жылы туулган И.Д. аттуу келин 8 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.