Ди-джей Назира Кадыева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды
"Кыргызстан Обондору" радиосунун ди-джейи Назира Кадыева "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине ээ болду. "Бул менин маданият жаатында биринчи ирет алып жаткан төш белгим. 7-ноябрь - Басма сөз күнүнө карата Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов маданияттагы маалыматтарды чагылдырган эмгегим үчүн ушундай сыйлык тапшырды",- деди Назира Кадыева бизге берген маегинде.