Курмангазы Азыкбаев жетектеген "Эне-Сай" элдик фольклордук ансамбли ушул жылдын декабрь айында Индиянын Дели шаарына гастролдоп барат. Бул тууралуу бизге топтун жетекчиси маалымдады. Гастроль 11-декабрда башталып, бир жумага созулат. Ошондой эле аталган ансамбль январь айында Түркия жергесине да гастролго чыгууну пландаштырып жатканы маалым болду.