Кечээ Кантта "Динамо
ИИМ"-"Алай" беттеши менен КРнын Футбол боюнча ТОП Лигасында сезон расмий түрдө
аяктады. Сезондун акыркы оюнунда "динамочулар" 2:1 эсебинде жеңишке жетишип,
тизмеде төртүнчү болушту. Ошентип, “Дордой” чемпион болсо, "Алга" экинчи, "Алай"
үчүнчү орунду ээледи. Ал эми сезондо 17 гол киргизген "дордойчу" Каюмжан Шарипов
(“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2012-жылдын мыкты спортчусу" наамына ат
салышып жатат) бомбардир аталды. Кошумчалай кетсек, акыркы 6 жылда чемпиондук
үчүн такай күрөш жүргүзүп келген "Абдыш-Ата" быйыл байгелүү орундардан куру
калды.