Жалал-Абад облусунда көмүр казылуучу жайда 30 жаштагы жаран газга ууланды

Жалал-Абад облусунда көмүр казылуучу жайда 30 жаштагы жаран газга ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга кечээ, 19-октябрь күнү саат 19:30 чамасында маалымат түшүп, анда Көк-Жаңгак шаарындагы 40-карьердин көмүр казылуучу чуңкурунда 1985-жылы туулган жаран газга ууланып калгандыгы тууралуу айтылган. Аталган жерге барган куткаруучулар газга ууланган жаранды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chyngyz-40
2016-10-21 08:23:13
Аллага чексиз шугур болсун менин бир тууган агам бул ч нерсе корбогондой айыгып кетти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан