“Манас” аэропортунун кызматкери “жүргүнчүнүн 2,5 миллион сомдук зер буюмдарын уурдаган” деген шек менен кармалды

“Манас” аэропортунун кызматкери “жүргүнчүнүн 2,5 миллион сомдук зер буюмдарын уурдаган” деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз адам Оштон Бишкекке учуп келген жакын тууганынын зер буюмдарын уурдап алганын айткан. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары “Манас” аэропортунун рейсти көзөмөлдөөчү 26 жаштагы кызматкери кармалган.

Кылмышка шектелип кармалган жарандан далил зат катары уурдалган зер буюмдар алынды. Ал зер буюмдарды Сокулук районундагы айылдардын биринин аймагына көмүп, бир канчасын сатып жиберүүгө үлгүргөн. Учурда кылмыш иши козголуп, келтирилген чыгым 2,5 миллион сомду түзгөнү аныкталды”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AIZAD
2016-10-20 15:53:16
Акмак десе!Конгон да алып...
+4
aslan_akjol89
2016-10-20 17:07:22
Жургунчу анча суммадагы зер буюмдарды кайдан алып жургонун да сурагыла да,ууруну каракчы тоноптур болбосун.
+2
xnurgul_gul
2016-10-20 17:47:11
Биздин бир таанышыбыз россиядан келатып апасынп калын бир цепочка менен атасынп печатка алган экен духи кымбат духилер болчу деп наалып жургон ошол манас аэропорт тто багажынан уурдап коюшкан мындан5жыл мурун цепочка70мин руб цепочка болчу экен аялы ыйлап жургон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан